Эл аралык Жарандык коргонуу уюмунун суучулдар үчүн IX тренинги башталды

Бүгүн Чолпон-Ата шаарында Ливан, Бахрейн, Марокко, Египет, Сауд Аравия, Кот-д’Ивуар, Алжир жана Иорданиядан келген суучул куткаруучулар окуу жана өз ара тажрыйба алмашуу максатында чогулушту.

2022-жылдын 8-августунда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында ЖКЭАУнын мүчө-өлкөлөрүнүн куткаруу кызматтарынын өкүлдөрү үчүн “Суучулдар иши” боюнча кезектеги IX Эл аралык тренингдин ачылышы болду.

Анда жалпысынан ЖКЭАУга мүчө өлкөлөр: Ливан, Бахрейн, Марокко, Египет, Сауд Аравия, Кот-д’Ивуар, Алжир жана Иорданиядан 13 өкүл. КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Суучулдарды даярдоо борборунун 10 инструктору катышып жатат.

Окутуунун эң башкы максаты – суучул куткаруучулардын кесиптик билимдерин арттыруу максатында жаңы багытта окутуу, тажрыйба алмашуу жана ЖКЭАУнун мүчө-мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн ортосундагы “Суучулдар иши” жаатында туруктуу байланышты түзүү жана бекемдөө болуп саналат.

Окутуунун программасы теориялык жана практикалык сабактарды камтыйт. Тактап айтканда суучулдардын жабдууларды колдонууда коопсуздуктун көрсөтмөлүү чараларын камтыйт.

Акваторияда издөө-куткаруу иштерин уюштуруу жана жүргүзүү, айкалыштыруу, тилкелер, тегерекчелер, суу астындагы фото жана видео тартуу, жээктен жана кайыктан суу астына чөмүлүү, объекттерди издөө жана калыбына келтирүү маселелери өзүнчө иштелип чыгат.

Окутуу 12 күнгө созулуп, министрликтин алдындагы Суучулдар кызматынын башчысы – подполковник Карабаев Э.А.нын жетекчилиги астында өткөрүлөт.

Тренинг аяктагандан соң катышуучуларга атайы сертификат жана ЖКЭАУнун 22-Башкы Ассамблеясынын чечими менен бекитилген «Жеке суучулдун китеби» берилет.