Эл аралык Жарандык коргонуу уюмунун суучулдар үчүн IX тренинги жыйынтыкталды

Бүгүн, 17-августта Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Жарандык коргонуу эл аралык уюмуна мүчө-өлкөлөрүнүн куткаруу кызматтарынын өкүлдөрү үчүн “Суучулдар иши” боюнча кезектеги IX эл аралык тренингинин жабылуу аземи болуп өттү.
Ливан, Бахрейн, Марокко, Египет, Сауд Аравия, Кот-д’Ивуар, Алжир жана Иорданиядан келген суучул куткаруучулар окуу жана өз ара тажрыйба алмашуу максатында Ысык-Көлгө чогулушкан.
Тренингге жалпысынан ЖКЭАУга мүчө өлкөлөр – Ливан, Бахрейн, Марокко, Египет, Сауд Аравия, Кот-д’Ивуар, Алжир жана Иорданиядан 13 өкүл, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Суучулдарды даярдоо борборунун 10 инструктору катышты.
Окутуунун эң башкы максаты – суучул куткаруучулардын кесиптик билимдерин арттыруу максатында жаңы багытта окутуу, тажрыйба алмашуу жана ЖКЭАУнун мүчө-мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн ортосундагы “Суучулдар иши” жаатында туруктуу байланышты түзүү жана бекемдөө болуп саналат.
Окутуунун программасында теориялык жана практикалык сабактар, суучулдардын жабдууларды колдонууда коопсуздуктун көрсөтмөлүү чараларын камтылды.
Акваторияда издөө-куткаруу иштерин уюштуруу жана жүргүзүү, айкалыштыруу, тилкелер, тегерекчелер, суу астындагы фото жана видео тартуу, жээктен жана кайыктан суу астына чөмүлүү, объекттерди издөө жана калыбына келтирүү маселелери иштелип чыкты.
Окутуу 12 күнгө созулуп, министрликтин алдындагы Суучулдар кызматынын башчысы – подполковник Э.Карабаевдин жетекчилиги астында өткөрүлдү.
Тренингдин жыйынтыгында катышуучуларга атайын сертификат жана ЖКЭАУнун 22-Башкы Ассамблеясынын чечими менен бекитилген «Жеке суучулдун китеби» тапшырылды.