Эл ишеним арткан ӨКМ өнүгүү жана күчтөнүү жолунда

ЭЛ ИШЕНИМ АРТКАН ӨКМ ӨНҮГҮҮ ЖАНА КҮЧТӨНҮҮ ЖОЛУНДА
Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев УТРКнын 1-Студия жана Ала-ТооLive телеберүүлөрүнө маек берди.
Анда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин максаттуу жана так коюлган пландарынын натыйжасында жетишилген жемиштүү жетишкендиктерине кенен токтолду.
Маселен эң ириде министрликтин техникалык муктаждыгын чечүү, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуудагы кечиктирилгис иш аракеттер, табигый жана техногендик кырсыктардын кесепеттерин тез арада жоюу, калыбына келтирүү, адам өмүрүнө коркунуч алып келе турчу жагдайлар менен күрөшүдө натыйжалуу иштер тууралуу сөз кылды.
Ошону менен катар Кытай Эл Республикасынан келген 100 унаанын өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып, аны өздөштүрүүдө кытай адистери келерин билдирди.
Ага улай эле министрликтеги кызматкерлер анын ичинде аскер кызматкерлерине болгон ар тараптуу колдоо жана шарт түзүлүп жатканын белгиледи. Ал эми кадрларды тандоо өзгөчө талап менен каралып, эл кызматын кылууда кесипкөй адистер келип жатканын айтты.
Министр ошондой эле кар көчкү, жаз алдында сел, суу ташкындары өңдүү кырсыктардын алдын алууда болгон күч аракет жумшалып жатканын ага катар эле кырсыктын кандай түрү болбосун жарандарды коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырды. Бул өз кезегинде адам өмүрүн сактоого жана материалдык чыгымды азайтууга шарт түзөрүн айтты.