Эл өкүлдөрү ӨКМдин жыл ичиндеги ишмердүүлүгү менен жеринен таанышты
ЭЛ ӨКҮЛДӨРҮ ӨКМдин ЖЫЛ ИЧИНДЕГИ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ МЕНЕН ЖЕРИНЕН ТААНЫШТЫ
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жыл ичиндеги ишмердүүлүгү, аткарып жаткан иштери жана жетишкендиктери
менен жеринен таанышты.
Комитеттин төрагасы Улан Примов баштаган эл өкүлдөрүн министр Бообек Ажикеев тосуп алып, жыл ичинде министрликтеги алгылыктуу өзгөрүүлөр тууралуу маалымат берди. Анын ичинде техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн кеңейиши, кызматкерлердин кесиптик тажрыйбаларын жогорулатуу жана эл аралык уюмдар менен болгон тыгыз кызматташтыктын алкаганда материалдык техникалык базанын чыңдалышына кеңири токтолуп өттү.
Өз кезегинде депутаттар соңку эки жылда Өзгөчө кырдаалдар министрлигиндеги өсүш жогорку денгээлде экенин, айрыкча өрт өчүрүүчү, инженердик техникалар, куткаруу иштерине ылайыкталган тик учактар алынып жаткандыгы мактоого арзырлык экенин баса белгилешти.
Ошондой эле эл өкүлдөрү жыл ичиндеги орун алган өлкө аймагындагы табигый кырсыктарга да кенен токтолуп, аны менен күрөшүүдө оор экенине карабастан министрликтин өздүк курамы өз ишин так аткарып жаткандыгы айтылды. Ага катар эле Баткендеги чек ара окуясында ӨКМ жарандык коргонуу кызматтарынын башында туруп, жеринде тиешелүү иштерди аткаргандыгы белгиленди.
Комитеттин көчмө жыйынында депутаттар мындан сырткары КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сунуштаган 3 мыйзам долбоорун 2-окууда карашты.
Ошондой эле Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөлөрү жыйында министрликке бир катар маанилүү сунуштарын айтышты. Маселен, алыскы аймактарда өрт өчүрүү бөлүктөрүн ачуу менен техникаларды бөлүп берүү, шаарларда салынып жаткан асман тиреген имараттардагы өрт коопсуздук эрежелерин тыкыр көзөмөлгө алуу менен текшерүү иш-чарасын байма-бай өткөрүп туруу, жалпы билим берүү мекемелеринде турмуш-тиричилик, коопсуздук эрежелерин тереңдетип окутууну бекемдөө жагы айтылды. Аталган сунуштар эске алынып, дагы да күчөтүлгөн тартипте иш жүрөрү белгиленди.














