Электр энергия менен жабдуу жана жарыкты чүмбөттөө кызматынын абалы бааланды
Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматынын 2022-жылга карата даярдык Планынын алкагында Жарандык коргонуу тутумдарына кирген мекемелердин абалын текшерүү жана баалоо 29-30-мартта жүргүзүлөт.
Бул иш-чараны Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен түзүлгөн атайын комиссия курамы өткөрүүдө. Текшерүү маалында Электр энергия менен жабдуу жана жарыкты чүмбөттөө кызматынын бүгүнкү абалы бааланды.
Иш-чаранын алкагында төмөнкүдөй иштер аткарылды:
-Энергия менен жабдуу жана жарыкты чүмбөттөө кызматынын өзгөчө кырдаал учурунда Жарандык коргонууну уюштуруусун, иш-мерчемин текшерүү, жетекчилик курамды Жарандык коргонууга даярдоо;
– Жетекчилик курамга маалымдоону жана чогултууну иш-жүзүндө аткаруу;
– Кетирилген кемчиликтерди калыбына келтирүү;
– Жарандык коргонуу жаатындагы ченемдик укуктук актылардагы талаптарын аткаруу боюнча иштерди уюштуруу жана аткарылышын көзөмөлдөө;
– Байланыш жана кабарлоо системасынын абалы боюнча;
– ӨКдан жана өндүрүштүк орчундуу авариялык кырсыктардын келип чыгуу учурунда калкты коргоо абалы боюнча;
– Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн каржылык жана материалдык ресурстардын көрөңгөсүн түзүү жана пайдалануу, күч жана каражаттарынын даярдыгы.