Эвакуацияланган жарандарга жалпы 105 орун даярдалды

Кыргыз-Тажик чек-арасында чыккан жаңжалдан, Баткен облусунан эвакуацияланган жарандарды убактылуу жайгаштыруу үчүн Ош шаарында 17 жатаканада 1890 жана шаардык медреселерде 130 орун уюштурулган.
Учурда эвакуацияланган жарандардын саны көп болгондуктан, Ош шаарында жайгашкан спорттук залына 72 орун аялдар жана балдар үчүн, 33 орун эркектер үчүн жалпысы болуп 105 орун даярдалды.