Эвакуациялоо жана гуманитардык жардам боюнча маалымат
2022- ЖЫЛДЫН 22-СЕНТЯБРЫ, СААТ 12:00ГӨ КАРАТА ЭВАКУАЦИЯЛОО ЖАНА ГУМАНИТАРДЫК ЖАРДАМ БОЮНЧА МААЛЫМАТ
Жалпы облус боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 126 673жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашкан, 4486 жаран эвакуациялык пунктарда, 5611 жаран башка облустарга туугандарынын үйлөрүнө чыгып кеткен. Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран эвакуацияланган.
Баткен облусуна жалпы 1131 тонна гумжардам жеткирилген. Анын ичинен 166 тонна КР ӨКМ тарабынан, 792 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген. Учурда кампада 173 тонна гуманитардык жардам турат. Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп, Баткен облусунун аймагына жөнөтүлүүдө.
Республиканын бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 184 пункт уюштурулуп, кабыл алынууда. Алар:
– Ош облусунда – 44;
– Жалал-Абад облусунда– 13;
– Нарын облусунда – 6;
– Ысык-Көл облусунда – 64;
– Талас облусунда – 43;
– Чүй облусунда – 12;
– Ош шаарында –1;
– Бишкек шаарында – 1.
Эвакуация иштерине тартылган күч каражаттар:
Баткен облусу:
– Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен – 615 куткаруучу, 53 бирдик техника;
– Жарандык коргонуу кызматтарынан – 7268 кызматкер, 321 бирдик техника;
Жалпы: 7883 кызматкер, 374 бирдик техника.
Ош облусу:
– КР ӨКМ–2 бирдик техника, 27 куткаруучу;
– ЖК кызматтарынан – 10 техника – 158 кызматкер;
Жалпы: 12 техника, 185 кызматкер.
Кырдаалдын кесепетинен бузулган курулуштар боюнча маалымат:
Келтирилген материалдык чыгымдарды тактоо иштери жергиликтүү Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан жүргүзүлүп, 432 турак үй, 9 административдик, стратегиялык объект, 8 социалдык объект, 285 сарай, 171 жашоо тиричилик камсыздоочу объектилер, 1 унаа өтүүчү көпүрө, 26 унаа жабыркагандыгы белгилүү болду.