Эвакуациялоо жана гуманитардык жардам боюнча маалымат

2022- ЖЫЛДЫН 22-СЕНТЯБРЫ, СААТ 20:00ГӨ КАРАТА ЭВАКУАЦИЯЛОО ЖАНА ГУМАНИТАРДЫК ЖАРДАМ БОЮНЧА МААЛЫМАТ
Жалпы облус боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 113 803жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашкан, 4671 жаран эвакуациялык пунктарда, 4539 жаран башка облустарга туугандарынын үйлөрүнө чыгып кеткен. 13757 жаран туруктуу жайгашкан жерлерине кайта баштады. Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран эвакуацияланган.
Баткен облусуна жалпы 1332 тонна гумжардам жеткирилген. Анын ичинен 189 тонна КР ӨКМ тарабынан, 942 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген. Учурда кампада 201 тонна гуманитардык жардам турат. Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп, Баткен облусунун аймагына жөнөтүлүүдө.
Республиканын бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 184 пункт уюштурулуп, кабыл алынууда. Алар:
– Ош облусунда – 44;
– Жалал-Абад облусунда– 13;
– Нарын облусунда – 6;
– Ысык-Көл облусунда – 64;
– Талас облусунда – 43;
– Чүй облусунда – 12;
– Ош шаарында –1;
– Бишкек шаарында – 1.