Эвакуациялоо жана гуманитардык жардам боюнча маалымат

ЭВАКУАЦИЯЛОО ЖАНА ГУМАНИТАРДЫК ЖАРДАМ БОЮНЧА МААЛЫМАТ
2022-ж. 19-сентябрь саат 12:00гө карата маалыматка ылайык Батккен облус боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 3427 жаран убактылуу кабыл алуу жайларга жайгашкан (жалпы 45 ПВР).
Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынын Кара-Тейит, Кара-Мык, Шибээ, Жекенди, Чулук айылдарынан 5301 жаран эвакуацияланган. Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринин 17 жатаканаларында 1890 орун даярдалып, 512 жаран жайгашкан.
Ошондой эле Баткен облусуна жалпы 584 тонна гумжардам жеткирилген. Анын ичинен 116 тонна КР ӨКМ тарабынан, 379 тонна жардам жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген. Учурда кампада 89 тонна гуманитардык жардам турат. Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар 39 оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп (635 тн) Баткен облусунун аймагына жөнөтүлгөн.
Республиканын бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 188 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат:
– Ош облусунда – 44;
– Жалал-Абад облусунда– 12;
– Нарын облусунда – 6;
– Ысык-Көл облусунда – 69;
– Талас облусунда – 43;
– Чүй облусунда – 12;
– Ош шаарында –1;
– Бишкек шаарында – 1.