Эвакуациялоо жана гуманитардык жардам боюнча маалымат

2022-ж. 20-сентябрь саат 12:00гө карата
Жалпы Баткен облус боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 3767 жаран убактылуу кабыл алуу жайларга жайгашкан (жалпы 57 ПВР).
Ош шаарындагы берүү мекемелеринин жатаканаларына 1247 жаран жайгашкан.
Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Жекенди а/а 5301 жаран эвакуацияланган.
Баткен облусуна жалпы 824,6 тонна гумжардам жеткирилген. Анын ичинен 131 тонна КР ӨКМ тарабынан, 528,6 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген, учурда кампада 165 тонна гуманитардык жардам турат. Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар 54 оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп, Баткен облусунун аймагына жөнөтүлдү.
Республиканын бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 188 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат:
– Ош облусунда – 44;
– Жалал-Абад облусунда– 12;
– Нарын облусунда – 6;
– Ысык-Көл облусунда – 69;
– Талас облусунда – 43;
– Чүй облусунда – 12;
– Ош шаарында –1;
– Бишкек шаарында – 1.