Эвакуациялоо жана гуманитардык жардам боюнча маалымат

2022-ж. 20-сентябрь саат 20:00гө карата маалыматка ылайык, Батккен облусу боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 3721 жаран убактылуу кабыл алуу жайларга жайгашкан.
Ошондой эле Баткен облусуна жалпы 870 тонна гумжардам жеткирилген. Анын ичинен 131 тонна КР ӨКМ тарабынан, 563 тонна жардам жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген. Учурда кампада 175,96 тонна гуманитардык жардам турат. Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар 96 оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп Баткен облусунун аймагына жөнөтүлгөн.
Республиканын бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 188 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат:
– Ош облусунда – 44;
– Жалал-Абад облусунда– 12;
– Нарын облусунда – 6;
– Ысык-Көл облусунда – 69;
– Талас облусунда – 43;
– Чүй облусунда – 12;
– Ош шаарында –1;
– Бишкек шаарында – 1.