Эвакуациялоо жана гуманитардык жардам жөнөтүү боюнча

2022-жылдын 21-сентябрь, саат 12:00гө карата
Жалпы облус боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 3721 жаран убактылуу кабыл алуу жайларга жайгашкан.
Мындан сырткары Баткен облусунан келген жарандарды кабыл алуу үчүн Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринин жатаканаларына 1247 жаран жайгашкан. Жалпы Баткен облусундагы жана Ош шаарындагы убактылуу кабыл алуучу жайларга 5274 ( Баткен облусунда-3721, Ош шаарына-1553 ) жаран жайгашкан (57 ПВР: Баткенде 49, Ош шаарында 9), 3773 жаран башка облустарга тууган уруктарынын үйлөрүнө чыгып кеткен.
Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран эвакуацияланган.
Ал эми Баткен облусуна жабыркаган жарандарга жалпысынан 1074 тонна гумжардам жеткирилген. Анын ичинен 149 тонна КР ӨКМ тарабынан, 739 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген, учурда кампада 186 тонна гуманитардык жардам турат. Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар жүк ташуучу унааларга жүктөлүп, Баткен облусунун аймагына жөнөтүлүүдө.
Республиканын бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 188 пункт уюштурулуп, кабыл алынууда:
– Ош облусунда – 44;
– Жалал-Абад облусунда– 12;
– Нарын облусунда – 6;
– Ысык-Көл облусунда – 69;
– Талас облусунда – 43;
– Чүй облусунда – 12;
– Ош шаарында –1;
– Бишкек шаарында – 1.