Футбол талаасында мыкты оюн көрсөткөндөр сыйланышты

ФУТБОЛ ТАЛААСЫНДА МЫКТЫ ОЮН КӨРСӨТКӨНДӨР СЫЙЛАНЫШТЫ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда ар жылы футбол ойнотулат.
Мындай саамалык 3-майда аталган борбордун оюн талаасында өткөрүлүп, мекемедеги кызматтар жана кошуундардын курамы катышты. Футбол таймашында мыкты оюн көрсөткөн оюнчуларга жана командаларга КДМБнын “Ардак” грамотасы жана акчалай сыйлык ыйгарылды.
Аскер кызматкерлеринин мындан ары спортко кызыгуусун арттыруу, ден соолукту чыңдоо, курамды шымдагайлыкка даярдоо үчүн спорттук таймаштар өткөрүлмөкчү.