“GALAXY” тамактануучу жайында чыккан өрт толук өчүрүлдү

❗Бишкек шаарынын  Октябрь районуна караштуу  С. Каралаев менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “GALAXY” тамактануучу жайында  чыккан өрт саат 13:02де толук өчүрүлдү.

Өрттүн болжолдуу жалпы аянты 400чарчы метрди түзгөн. Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинен улам тилсиз жоонун жалыны жанаша турган имаратка өтпөй сакталып калды. Өрт кырсыгынан бактыга жараша жабыркагандар жок.

Ири өрттү өчүрүүгө 10:31ден тарта  КР ӨКМнен жалпы 5 бөлүм, 1 суу ташуучу унаа, штаб, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун  ыкчам тобу жеринде иш алып барып, тилсиз жоо саат 11:47де чектөөгө алынган.

Мындан тышкары ИИМден 5 экипаж жана РЭТтен 1 бригада, Тез жардам кызматы тартылган. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.