Гуманитардык жардамды алууда жергиликтүү бийликке кайрылууга чакырабыз

ГУМАНИТАРДЫК ЖАРДАМДЫ АЛУУДА ЖЕРГИЛИКТҮҮ БИЙЛИККЕ КАЙРЫЛУУГА ЧАКЫРАБЫЗ
🔶22-сентябрь, саат 16:00гө карата республиканын аймактарынан Баткен облусуна келген 1215 миң тонна гуманитардык жардамдын 1006 миң тоннасы облустун шаар, район, айыл аймактарына жеткирилип берилүүдө. Учурда кампада дагы 208 миң тонна бар экендигин билдиребиз.
🔶Тактоо иретинде айтсак, жеткирилген гумжардамдар Баткен облусунун район, шаарларына (Баткен, Раззаков, Сүлүктү) жеткирилет. Ал жерден шаар, райондорго караган айыл аймактарынын жооптуу кызматкерлери тарабынан тизменин негизинде гумжардамдар бөлүштүрүлөт. Бул эреже башаламандык болуп кетпеши жана баардыгына тегиз жеткирүү максатында уюштурулган.
🔶Айрым жарандарыбыз жергиликтүү бийликке (айыл өкмөт) кайрылбастан, түз эле бөлүштүрүү кампаларынан алуу үчүн келип жатышкандар да бар. Буга байланыштуу жарандарыбызды сабырдуулук менен жогоруда аталган эреже менен гуманитардык жардам алууга чакырабыз.
🔶Баса белгилей кетсек, республиканын бардык облустарынан гуманитардык жардамдар топтолуп, Баткен облусуна жеткирилгичекти коогалаңдын алгачкы күндөрү эвакуация болгон жарандар азык-түлүк, гигиеналык каражаттар, жууркан-төшөктөр менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кампасынан ыкчам түрдө камсыздалган.
🔶Учурда өлкөнүн алыскы облустарынан гумжардамдар 2-3 күн аралыгында Баткенге жеткирилип жаткандыктан жана күндүн ысыктыгынан улам тамак-аш азыктары катып, бузулуп кетиши толук мүмкүн.
Жалпы элибиз үчүн оор болуп турган кырдаалда биримдик менен келген мекендештерибиздин аманатын жеткирүү маанилүү!
🔴🔴🔴🔴Ошондой эле, өзгөчө кырдаал учурундагы өзүн эксперт катары сезип, жалпы коомчулукка терең изилденбеген билдирүүлөрдү элди экиге бөлүү максатында жана ача пикир жаратарууга аракеттенгендер да жок эмес. Андыктан маалыматтык коопсуздукту сактоо максатында ӨКМ так эмес, изилденбеген маалыматтарды таратпоого чакырат.
Эгер, кимдер бирөөгө, кайсы айылга гуманитардык жардам жетпей калган болсо, жергиликтүү бийликке кайрылууга же “112” номерине байланышууга, жана төмөндөгү дарекке кайрылууңуздарды чакырабыз.
Гуманитардык жардам штабы: Баткен кварталы МСО, Курманжан Датка көчөсү, тел.: 0-559-009940,
Кадамжай району боюнча штаб: Кадамжай шаары , Орозбеков көчөсү 98, тел.: 0-770-224212,
Лейлекского району боюнча штаб: Маргун айылы өкмөтү, тел.: 0-773-84682