Гуманитардык жардамдын көлөмү 1131 миң тоннадан ашуунду түздү

ГУМАНИТАРДЫК ЖАРДАМДЫН КӨЛӨМҮ 1131 МИҢ ТОННАДАН АШУУНДУ ТҮЗДҮ
КАЙСЫ АЙМАККА ЖЕТПЕЙ КАЛСА “112” НОМЕРИНЕ БАЙЛАНЫШЫНЫЗ
Баткен облусуна келип түшкөн гуманитардык жардам жана аймактагы жабыркаган обьектилер тууралуу 22-сентярбрь, саат 11:00гө карата КР ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун башчысы, подполковник Ырыспек Жолдошпаев түз эфирде маалымат берди.
Ы.Жолдошпаев: “Республика боюнча 1131миң тоннадан ашуун гуманитардык жардам келди. Анын 959 миң тоннасы облустагы жер-жерлерге жеткирилди. Ал эми 173миң тонна гумжардам кампада турат. Баткен облусунда облустук, райондук, айыл аймактык денгээлде кампалар ачылып, ал жактарга гуманитардык жардамдар жеткирилип берилүүдө, жарандарга бөлүштүрүу иши жергиликтүү бийлик тарабынан жүргүзүлүп жатат. Эгер кимдер бирөөгө гуманитардык жардам жетпеген учур катталса, “112” номери аркылуу кайрылса болот. Байланыш акысыз жана күнү-түнү иштейт”, – деп билдирди.
Ошондой эле Баткен облусундагы кырдаалдан улам 432 турак үй, 285 мал сарай жана чарбалык обьект, 6 бала бакча, 6 мектеп, 2 медициналык мекеме, 9 административдик имарат, 26 унаа өрттөлүп, талкаланган. Мындан сырткары 171 турмуш тиричилигин камсыздаган обьект өрттөлүп, талкалангандыгы тууралуу атайын коммисия тарабынан аныкталды.
Бүгүнкү күндө Баткен шаарынан баштап Баткен, Лейлек райондорундагы бардык айыл аймактарда обьектилердин саны аныкталып, эртеңден баштап курулушка даярдоо үчүн, талкаланып, өрттөлгөндөн кийинки калдыктарын тазалоо иши өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан уюштурулуп баштайт.
Кененирээк бул жакта https://youtu.be/MUlaViaMNeE