Гумжардам тууралуу ӨКМдин 112 кызматынан маалымат алсаңыз болот

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан жапа чеккен Баткен облусунун калкы үчүн республика боюнча гуманитардык жардамдарды чогултуу пункттары уюштурулду.
Урматтуу жарандар! Бөлүштүрүү, ошондой эле гуманитардык жардам боюнча жана башка суроолор боюнча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бирдиктүү мамлекеттик нөөмөт-диспетчердик кызматына -112 телефонуна кайрылыңыздар!
Эске салсак, 21-сентябрга карата ӨКМ тарабынан 131 тонна, ошондой эле жарандардын өз күчү менен 732 миң 729 тонна жеткирилип, учурда 188,95 тонна гуманитардык жардам кампада турат.
Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардам 122 оор жүк ташуучу унаага жүктөлүп, Баткен облусунун аймагына жөнөтүлдү. Республиканын бардык облустарында жана шаарларында жалпысынан 188 гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пункттары уюштурулган.