Хатай: Антакья шаарында 8 адамдын сөөгү чыгарылды
ХАТАЙ: АНТАКЬЯ ШААРЫНДА 8 АДАМДЫН СӨӨГҮ ЧЫГАРЫЛДЫ
Түркиянын Хатай облусунун Антакья шаарында кыргызстандык куткаруучулар тарабынан бүгүн 8 адамдын сөөгү чыгарылды. Бул тууралуу куткаруучулар тобунун башчысы, полковник Алмаз Асанов билдирди.
Бүгүн куткаруучулар шаардын 3 тилкесинде иш алып барып, атайы шаймандардын жардамында урандылар астынан адамдардын сөөктөрүн чыгарышкан.
Аймактагы турак үйлөрдүн дээрлик 60 пайызы толугу менен урап түшсө, калган көп кабаттуу үйлөр жашоого таптакыр мүмкүн эмес абалга келген.
Бүгүн Хатай облусуна келген кыргыз куткаруучуларынын издөө-куткаруу ишинин үчүнчү күнү.