Ички иштер министрлигинин жарандык коргонуу абалы текшерилди

18.11.2022
ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ АБАЛЫ ТЕКШЕРИЛДИ
2022-жылдын 17-18-ноябрь күндөрү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын комиссиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин – Жарандык коргонуунун коомдук тартипти сактоо кызматынын Жарандык коргонуу абалына баа берүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чаранын алкагында Жарандык коргонууну уюштуруу, алып баруу боюнча иш кагаздарынын иштелип чыгышы жана аткарылышы, согуш жана тынчтык мезгилиндеги өзгөчө кырдаалдарда иш алып барууга даярдыгы текшерилип, усулдук жардамдар көрсөтүлдү. Мындан сырткары, жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды уюштурууну жакшыртуу багытында сунуштар берилди.
Баалоо иштери Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратында, түзүмдүк бөлүктөрүндө жана облустук, райондук деңгээлдеги аймактык бөлүктөрүндө жүргүзүлдү.
Жарандык коргонуу абалын баалоону жүргүзгөн комиссиянын курамын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник У.М. Шамырканов жетектеди.