Иран Ислам мамлекети коопсуздукту сактоодо ӨКМ менен болгон кызматташуусун күчөтөт

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев башында турган министрликтин өкүлдөрү Иран Ислам мамлекетинин Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Саид Харази менен жолугушту.
Тараптар буга чейин түзүлгөн кызматташтыкты өнүктүрүү максатында, кырсыктарды алдын алууда биргелешкен аракетти көрүү, тажрыйба алмашуу жана жардам көрсөтүү, метеорология тармагындагы байланыш боюнча маселелерди талкууга алышты. Ошондой эле Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин потенциалын көтөрүү боюнча сүйлөшүү жүрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Элчиликтин делегациясы Кыргызстандын жаратылышы дүйнө элин дайыма өзүнө тартып, суктанарлык табиятка ээ экендигин айтып, ага байланыштуу өлкөгө келген чет элдик туристтердин, альпинисттердин коопсуздугун сактоо үчүн биргелешкен аракетти көрүүгө чакырды.
Алдыңкы күндөрү тараптардын жогоруда аталган багыттар боюнча кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюулары күтүлүүдө.