Ири жол кырсыгы катталган аймакка ӨКМ министри Б.Ажикеев барды

Кечээ, 21 майда Өзгөчө кырдаалдар министри Б.Ажикеев Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүнүн Чечме айылындагы ири жол кырсыгы катталган аймакка келди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Хово” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа (трал) үстүнө жүктөгүч жүктөп бара жатып, Чечме айылында жайгашкан “Чечме унаа жолу” өткөрүү бекетинде жол кырсыгына кабылган.

Унаанын ичиндеги куткаруучулар катуу жааган жаандан жабыркаган Баткен районунун Бөжөй айылына сел каналдарын жана габион торчолорун орнотууга бара жаткан.

Жол кырсыгынын кесепетинен 8 адам, анын ичинде ӨКМдин 2 кызматкери каза болду жана 7 адам жаракат алган.