Ьишкек: өрттөн бир жаран жабыркады

12-январь күнү Свердлов районунун Фрунзе көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн  5 ч.м.  аянты жана тиричилик буюмдар күйгөн.

Өрт  №3 өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнүн бир  бөлүмү тарабынан чектөөгө алынып, саат 20:19да  толук өчүрүлдү.

Кырсык болгон жерде кошумча  куткаруу кызматынын куткаруучулары бекилип калган эшикти ачып беришкен.

Кырсыктын   кесепетинен 67 жаштагы Т.Р. аттуу жаран  түтүнгө ууланып, тез жардам кызматына өткөрүлүп берилди.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.