Издөө ишине 53 куткаруучу, 8 техника тартылган

Кар көчкүнүн астында калган 4 жаранды издөө иши  ӨКМ тарабынан жеринде күчөтүлгөн тартипте жүрүүдө.

Жалпысынан  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 53 куткаруучу, 3 кинолог иттер менен, атайын каражат менен темир издеген адам (металлоискатель) бар. Ошондой эле, 8 атайын техника тагыраагы, эксковатор, бульдозер, грейдер жана унаа жүктөгүч  тартылган.

Маалыматка ылайык, кардын жалпы көлөмү 1 млн метр кубду түзөт. Ага карабастан  куткаруучулар бүгүнкү күндө 20-30 метрге чейинки тереңдиктеги карды казып, издөө ишин улантууда.