Үйдүн короосунда 1650 түк чөп, 450 түк саман күйдү

Бүгүн, 8-декабрь күнү саат 01:45 чамасында Жумгал районунун Байзак айылынын Мырзакматов көчөсүндө жайгашкан үйдүн короосунда жыйналган чөптөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм тартылып, өрт саат 02:50дө чектөөгө алынып, 09:08де толук өчүрүлдү.
Өрттүн кесепетинен 1650 түк чөп жана 450 түк саман өрттөнүп кетти.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Жабырагандар жок.