Күйүүчү май ташыган унаа оодарылып кетти
20-декабрь күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 412-чакырымында (Беке-Чал тилкеси) RED PETROLEUM компаниясына тиешелүү DAF мам.№01KG0500M үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, бетон тосмону сүзүп жолдун четине чыгып туруп калган. Унаанын цистернасында күйүүчү май болгон эмес. Жол бир тараптуу ачык. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок. Жерине Кара-Көл шаардык №94 ӨКБдан 3 куткаруучу, RED PETROLEUM компаниясынан атайын комиссия жана жеке менчик кран тартылган. Бирок кран күйүүчү май ташуучу унааны чыгара алган эмес. RED PETROLEUM компаниясы тарабынан кошумча кран тартуу иштери жүргүзүлүүдө.