Көк-Мойнокто экинчи ирет чыккан өрт чектөөгө алынып, темир жолду каптап кетүүсүн токтотуп калышты

КӨК-МОЙНОКТО ЭКИНЧИ ИРЕТ ЧЫККАН ӨРТ ЧЕКТӨӨГӨ АЛЫНЫП, ТЕМИР ЖОЛДУ КАПТАП КЕТҮҮСҮН ТОКТОТУП КАЛЫШТЫ
25-март күнү, саат 11:20да Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок 2 айылындагы ачык аянтта кайрадан чыккан өрт саат 13:40да чектөөгө алынды.
Жеринде өрттү өчүрүүгө жалпы 5 өрт өчүрүүчү унаа күжүрмөн эсеби тартылган. Мындан сырткары Токой чарбасынан 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 15 адам, Тоң райондук РИИБден 12 кызматкер көмөк көрсөтүүдө.
Ошондой эле абалды ыкчам жөнгө салуу максатында саат 12:02де КР ӨКМге караштуу ККББнын ыкчам тобу тартылды.
Алдын ала маалымат боюнча өрт чыккан аянт 5сотыхды түзөт.
Маалым болгондой аталган аймакта 24-март күнү өрт чыгып, анын жалыны болжолдуу түрдө 50гектар аянтты каптаган. Өрт толугу менен саат 21:30да өчүрүлүп, кайрадан өрт чыгып кетүүсүн көзөмөлгө алуу максатында нөөмөт уюштурулган.
Кошумча маалымат берилет.