Көк-Мойноктогу ири өрт кандай шартта өчүрүлүүдө

КӨК-МОЙНОКТОГУ ИРИ ӨРТ КАНДАЙ ШАРТТА ӨЧҮРҮЛҮҮДӨ
24,25-март күндөрү орун алып жаткан ири өрт кандай шартта өчүрүлүүдө?
24-март күнү, түшкө маал Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок — 2 айылында ачык аянтта ири өрт чыккандыгы кабарланып, саат 12:34төн тарта өрттү өчүрүүгө жалпы 4 күжүрмөн эсеп тартылган. Ага катар эле ӨКМдин №19 Балыкчы шаардык ӨКБдан 28 куткаруучу, 2 авариялык унаасы, 3 суу сордуруучу мотопомпа менен тилсиз жоонун жалынын тез арада чектеп, өчүрүү иши колго алынды. Ошондой эле өрттү өчүрүүгө Токой чарбасынан, Тоң РИИБден, “Кыргыз темир жолу” ишканасынан жана жергиликтүү тургундардан 50 адам болуп жалпы 140 тай адам тартылды.
Өрттүн аянты дээрлик 50гектарга жетип, аймактагы куураган чөп, бадалдар, бак-дарактар күйгөн. Өрт өчүрүүчүлөдүн өз учурунда көрүлгөн аракети жана жакында Кытай, Россия мамлекетинен жаңы келген унаалардын жардамы артында тилсиз жоонун жалыны калктуу конушту жана май коюучу жайды каптоо коркунучунан сактап калышты.
Белгилей кетсек 24-март күнү, Бишкек-Нарын -Торугарт унаа жолунун 145-152 жана 156-157-чакырымдарында төрт жерде өрт чыккан. Тилсиз жоонун жалыны 50 гектарга жакын аянтты каптап, анын кесепетинен 2 сарай жана 1 үйдүн дубалы күйгөн. Жеринде кайрадан өрттүн чыгып кетүүсүн көзөмөлгө алуу үчүн түнү менен нөөмөт уюштурулган.
25-март күнү, саат 11:35де ушул эле аймакта кайрадан өрт чыкты. Өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоону саат 13:40да чектөөгө алып, темир жолду өрттүн жалыны каптап кетүүсүн токтотуп кала алышты. Жерине жалпы 5 өрт өчүрүүчү унаа күжүрмөн эсеби тартылган. Алдын ала маалымат боюнча экинчи ирет чыккан өрттүн болжолдуу аянты 5 сотыхды түзөт.
Учурда жеринде өрттү толугу менен өчүрүү иши жүрүүдө. Кошумча маалымат берилет.