Көк-Мойноктогу өрттү өчүрүүгө 140 адам тартылды
КӨК – МОЙНОКТОГУ ӨРТТҮ ӨЧҮРҮҮГӨ 140 АДАМ ТАРТЫЛДЫ
Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок 2 айылында ачык аянтта чыккан өрттү өчүрүүгө жалпы 140 адам тартылды.
ӨКМден саат 12:34төн тарта жалпы 3 күжүрмөн эсеп (өрт өчүрүүчү унаа), 28 куткаруучу, 1 мотопомпа, Токой чарба кызматынан 26 кызматкер жана 2 мотопомпа ( суу сордуруучу каражат), Темир жол кызматынан 20 кызматкер, райондук ички иштер бөлүмүнөн 16, жергилүктүү элден 50 адам иш алып барууда.
Алдын ала маалымат боюнча өрттүн болжолдуу аянты 50гектарды түзүп, өз-өзүнчө тилкелерден чыккан. Учурда өрттүн жалынын калктуу конушка жана май коюучу жайга жеткирбөө аракети көрүлүүдө.
Аймактагы электр чубалгылары жайгашкан жерлердеги өрттү суу менен өчүрүү натыйжа бербегендиктен, эрежеге ылайык кол каражаттары колдонулууда. Ал эми калган жерлерине суу жеткиликтүү берилип, өчүрүү иши жүрүүдө.
