Көл астынан 1100 метр тор чыгарылды

КӨЛ АСТЫНАН 1100 метр ТОР ЧЫГАРЫЛДЫ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары тарабынан 12-марттан 15-мартка чейин Ысык-Көлдүн акваториясынын булганган тилкелеринен жалпы 1100метр балык уулоочу тор, 700кг ашык таштандылар чыгарылды. Тазалоо иши жуманын иш күндөрү 8 сааттан жүрүүдө. Ал эми жаан жааган жана катуу шамал учурунда иш убактылуу токтотулуп турат.
Эске салсак, “Ысык-Көлдү коргойлу” аталышындагы масштабдуу иш чара Президент С. Жапаровдун демилгеси жана жарлыгынын негизинде уюштурулду. Көлдүн флора, фаунасына жана тазалыгына зыян алып келген таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо Ысык-Көлдүн бүтүндөй акваториясынын булганган тилкелерин камтып, 1-2жылга чейин уланат.