Көлмөгө 5 жаштагы бала чөгүп кетти

17-октябрь күнү ӨКМге Ысык-Ата районунун, Кеңеш айылында көлмөгө 5 жаштагы А. Ы аттуу жаш бала чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Ыкчам түрдө, жерине КР ӨКМдин  Ысык-Ата райондук №27 ӨКБ жана Токмок шаардык №21 ӨКБдан 8 куткаруучу тартылган.

Издөө иштердин натыйжасында, куткаруучулар жогоруда аталган баланын жансыз денесин суудан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.