
КУЛМАТОВ ЭДЕЛБЕК МАМАТКУЛОВИЧ
1982-жылдын 25-августунда Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Михайловка айылында төрөлгөн.
Билими жогорку:
1999-2005 – ж.ж. Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетин ийгиликтүү аяктап, “Юрист” адистигине ээ болгон.
2008-2011 – ж.ж. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” адистиги боюнча билим алган.
Кошумча бухгалтердик учет курсунун аяктаган.
Класстык чендери жана наамдары: 2 – класстагы юрист.
Эмгек жолу
2004 – 2008-ж.ж. – Жалал-Абад шаардык сот отурумунун катчысы, 1 – категориядагы адис
2008 – 2010-ж.ж. – Жеке ишкананын юристи, адвокат
2010 – 2017-ж.ж. – Жеке ишкананын башкы директору
2017 – 2018- ж.ж. – Жеке адвокат
2018 – 2020-ж.ж. – Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы
2020 – ж. – Кыргыз Республикасынын Президенттик администрациясынын эксперти
2020 – 2022-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары
2022 – ж. – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары.