ӨК министринин орун басары Эделбек Кулматов ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер менен таанышты

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында өткөн жылдын июль айында селден жабыркаган Каракол шаарындагы “Риверпарк” эс алуу багын калыбына келтирүү иш-чаралары менен таанышты. Белгилүү болгондой, Каракол суусунун “Риверпарк” аркылуу өткөн бөлүгү ӨКМ тарабынан бекемделүүдө. Ал, 372 метрди түзгөн аянтка таш тизилип, токулган габион зым торчолору менен бекемделүүдө.

Мындан сырткары Эделбек Кулматовго Каракол суусунун Прежевальск көчөсүнөн тарта Набережная жана Бойная көчөлөрүнүн кесилишине чейинки бөлүгүнүн жээктерин бекемдөө, тереңдетүү жана нугун түздөө боюнча аткарылган иштер тууралуу маалымат берилди. ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысы полковник Замирбек Жумагазиев белгилегендей, аталган иш-чара толук аткарылып бүтүп, жалпы узундугу 1040 метрди түздү.

Ошондой эле министрдин орун басары Э.Кулматов жергиликтүү тургундар көтөргөн көйгөйлүү маселе менен жеринде таанышуу үчүн Ак-Суу районунун Бөрүбаш айылына барды. Тургундар Бөрүбаш айылынан өткөн Каракол суусу жыл сайын жээктерди жеп, айылга жакындап баратканын билдирип, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жээктерди бекемдеп берүүсүн суранышкан. Облустук башкармалыктын жетекчиси п-к З. Жумагазиев айыл тургундары туура көйгөй айтып жатканын белгилеп, каражат жетишсиздигинен улам чечилбей келе жатканын билдирди. Министирдин орун басары бул меселени министрликтин деңгээлинде көтөрүп, тиешелүү каражат бөлүнүүсүн камсыз кылууга аракет кылууну убадалады.

ӨКМдин Калк жана аймактарды коргоо бөлүмүнүн маалыматына ылайык, бул жылы сел, суу ташкындарынын, жер астындагы суулардын деңгээлинин жогорулашынын алдын алуу максатында жалпы 24 объектти коргоо иш чараларын жүргүзүү бекитилген. Бүгүнкү күндө 11 объектти коргоо иши толук бүтүп, калган объекттерде иштер уланууда.

Белгилей кетсек, 29-30-май күндөрү кар калың жаагандыктан бир нече аймакта кар көчкү жана жер көчкү жүрүп, Ысык-Көл облусунун бир нече райондорунда жолдор жабылып, байланыш каттамдары үзүлгөн. Мындан улам жайлоого чыккан малчыларда тоют көйгөйү пайда болуп, миңдеген мал-жандыктары өлгөн. ӨКМ, жергиликтүү бийлик жана жарандык коргоо кызматтарынын иш чараларын 1-июндан бери жеринде министрдин орун басары Эделбек Кулматов координациялоодо.