К.Ташиев: “Жоокерлерибиздин баатырдык тайманбастыгы мекенди сактап калды”
К.ТАШИЕВ: “ЖООКЕРЛЕРИБИЗДИН БААТЫРДЫК ТАЙМАНБАСТЫГЫ МЕКЕНДИ САКТАП КАЛДЫ”
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМКнын төргасы Камчыбек Ташиев Баткендеги абал тууралуу маалымат берди.
“Учурда абал оор жана туруктуу. Эки тарап тең техникасын артка тартып жатат. Буюрса, 2-3 күн ичинде абал турукташса гана тургундары көчүрүп келебиз”, – деп билдирди.
Ошондой эле ал бүгүн өлкөдө улуттук аза күтүү күнү жарыялангандыгына байланыштуу кыргыз элине көңүл айтты. Камчыбек Ташиев өз сөзүндө жоокерлерибиздин баатырдык тайманбастыгы мекендин бүтүндүгүн сактап калгандыгын баса белгиледи.