“Кадастр” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине атайы окуу өткөрүлдү

“КАДАСТР” МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕСИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ АТАЙЫ ОКУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
Үстүбүздөгү жылдын 24-мартында КР ӨКМдин Ысык-Көл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери жана ӨКМге караштуу Нарын, Ысык-Көл облусу боюнча өрт көзөмөл кызматынын адистери менен биргеликте Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Ысык-Көл райондук жалпы дарыгердик практика борборунун жана райондук “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине атайы окуу өткөрүлдү.
Окутуунун жүрүшүндө өрттү кырсыгын алдын алуу, өрт өчүрүүчү каражатарды колдонуу эрежелери жана жер титирөө катталган учурларда кандай аракеттерди көрүү керектиги түшүндүрүлдү.
Мекеменин кызматкерлерине ар кандай өзгөчө кырдаал учурунда өзүн туура алып жүрүү, эвакуациялык жолдор жана өрт өчүрүүчү каражатты колдонуу практикалык негизде үйрөтүлдү.