1. Мамлекеттик кызматка кирүү
Мамлекеттик кызматка кирүү кадрлар резервинен бош кызмат ордуна талапкерди дайындоо жолу менен жүзөгө ашырылат.
Ал эми кадрлар резервине ачык конкурстук тандоодон өткөн жарандар киргизилет.
Кадрлар резервине киргизүүгө конкурс министрлик тарабынан жарыяланат жана өткөрүлөт.
2. Кадрлар резервине ачык конкурстук тандоодон өткөрүү төмөнкү укуктук ченемдик актылардын негизинде жүргүзүлөт:
-Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” жарлыгы
-Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мамлекеттик жарандык кызмат орундарына кызматкерлерди тандоо жана дайындоо боюнча Жобо
3. Кадр резервине киргизүү үчүн конкурс өткөрүүдө жарыяга негизги тест боюнча киргизилүүчү административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын топторуна жалпы тесттер үчүн укуктук ченемдик актылардын тизмеси:
Башкы административдик кызмат орундарынын топтору үчүн:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө»;
- Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө»;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Улук административдик кызмат орундарынын топтору үчүн:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Кенже административдик кызмат орундарынын тобу үчүн:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын топторуна предметтик тест боюнча укуктук ченемдик актылар ар бир кызмат орунуна ылайык берилет.
Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:– жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;
– паспорттун көчүрмөсүн;
– керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).