Кахраманмараш шаарындагы “Он эки шубат” районунун эки обьектисинде издөө-куткаруу иштери жүрүүдө
КАХРАМАНМАРАШ ШААРЫНДАГЫ “ОН ЭКИ ШУБАТ” РАЙОНУНУН ЭКИ ОБЪЕКТИСИНДЕ ИЗДӨӨ-КУТКАРУУ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ
Кыргызстандык куткаруучулардын издөө-куткаруу иштери Кахраманмараш шаарындагы “Он эки шубат” районунда жүрүп жатат.
Түркиядагы ар бир аткарылып жаткан иштерден Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев ар бир саатта байланышып, кабар алууда. Учурда куткаруучулардын ден соолуктары жакшы, иштөөгө шаймандары жетиштүү. Түнү менен дагы издөө-куткаруу иштери жүргүзүлөт.