Калктын коопсуздугу үчүн өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун тургундары менен табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү, жүрүм-турум эрежелери жана сактануу ыкмаларын үйрөтүү максатында атайын окутуулар өткөрүлдү.
Аталган окутуу ӨКМге караштуу жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун 2022-жылдын «Көчмө сабактарды уюштуруу» планына ылайык өткөрүлдү.
Окутууга жалпысынан 105 жаран катышты.
Борбордун аймактык кафедрасынын улук окутуучусу майор М.Эргешов окутууну уюштуруп, алып барууда.