Кампада чыккан өрт өчүрүлдү Аталган жайда эмерек чыгаруучу цех жайгашкан

19.11.2022
❗КАМПАДА ЧЫККАН ӨРТ ӨЧҮРҮЛДҮ АТАЛГАН ЖАЙДА ЭМЕРЕК ЧЫГАРУУЧУ ЦЕХ ЖАЙГАШКАН
Бишкектин Октябрь районунун Матросов көчөсүндө жайгашкан кампадан чыккан өрт саат 18:00дө толук өчүрүлдү. Маалыматка ылайык, эмерек чыгаруучу цех жана анын жанында жайгашкан 2 ангар ичиндеги станоктор, жыгач тактайлар, кездемелер өрттөнгөн. Өрттүн аянты болжол менен 1000 ч.м. түзгөн. Ири өрт кырсыгынан жабыркагандар жок.
Маалым болгондой 19-ноябрды караган түнү эмерек чыгаруучу цех өрттөнүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 02:57ден тарта ӨКМден жалпы 5 өрт өчүрүүчү бөлүм, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун, Бишкек шаардык башкармалыгынын ыкчам тобу, 1 автошаты, ошондой эле Суу чарба ишканасынан 1 бригада, РЭТтен 1 бригада тартылган. Тилсиз жоо саат 06:04дө чектөөгө алынып, саат 18:00дө толук өчүрүлдү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР