Кампадан өрт чыкты

16-декабрь күнү ВЛКСМ көчөсүндө жайгашкан кампалардын биринде өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 20:55те Жалал-Абад шаардык №20 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 21:05те 1 бөлүм, саат 21:18де Жалал-Абад шаардык №58 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 3 бөлүм жана Штаб тартылып, саат 23:00 дө өрт толук өчүрүлгөн. Өрт электр ширетүү иштеринде өрт коопсуздук эрежелеринин бузушунан келип чыккан.