Капчыгай тилкесинде куткаруучулар менен кошо 8 техника иштеп жатат

Баткен районунун Ак-Сай айылынын Капчыгай тилкесинде калыбына келтирүү жана тазалоо иштери кызуу жүрүүдө. Куткаруучулар менен кошо аталган айылда КР ӨКМнен 6 бирдик техникалык каражаттар жана жергиликтүү бийликтен 2 техника иштеп жатат.
Баткен облусунда түзүлгөн кырдаалдын кесепеттерин жоюу жана кайра калыбына келтирүү иш-чараларына КР ӨКМ тарабынан жалпысынан 244 жеке курам, 40 атайын техника тартылып, анын ичинде 32 куткаруучу Капчыгай тилкесинде жумуш алып барууда.