КАР КӨЧКҮ АСТЫНДА КАЛГАН 24 ЖАШТАГЫ КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ ТАБЫЛДЫ.
ЖАЛАЛ-АБАД: КАР КӨЧКҮ АСТЫНДА КАЛГАН 24 ЖАШТАГЫ КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ ТАБЫЛДЫ.

Издөө иштерин улантуу максатында, жеринде КР ӨКМдин жалпы 74 куткаруучу, “Чайна Роуд” ишканасынан 7 атайын техника, УКМКнын чек-ара кызматынан 4 кызматкер, тез жардам кызматынан 1 бригада, ИИМдин ЖКККББдан 4 кызматкер иш алып барууда.
Эскерте кетсек, 14-февраль күнү Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунунун 332 жана 338-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) кар көчкү түшүп, жол куруу ишин жүргүзүп жаткан “Чайна Роуд” ишканасынын 4 кызматкерин унаалары менен басып калган. Учурда калган 3 кытай жаранын издөө жана унаа жолду тазалоо иш-чаралары уланууда. Ошондой эле кырсык катталган жеринде издөө ишин ӨК министринин орун басары Эделбек Кулматов жетектөөдө