Кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү 21-февралда уланат
КАР КӨЧКҮСҮН АТАЙЫН АТЫП ТҮШҮРҮҮ 21-ФЕВРАЛДА УЛАНАТ
Акыркы маалыматтарга таянсак, саат 15:10дон 16:00гө чейин Токтогул Бишкек – Ош унаа жолунун 222-чакырымындагы Ала-Бел тилкесинде кар көчкүсүн атып түшүрүүдө жалпы 12 снаряд атылып, 286210 м3 кар көчкүсүн түшүрүштү.
ӨКМ демилгелеген бул иш-чарага КМнин артиллериялык эсеби тартылды. Атайын топ Бишкек – Ош унаа жолунун 238-чакырымында жайгашкан Итагар станциясында түнөккө калышат. Кар көчкүлөрүн атайылап атып түшүрүү 21-февраль күнү улантылмакчы.

