Кар көчкү түшүп бир жаран каза болду

Кемин районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Жел-Арык коктусуна аң уулоого чыккан үч аңчынын бирөөсүн жок болуп жаткандыгы тууралу маалыматтын негизинде, жерине 15:55де Кемин райондук №5 ӨКБнөн беш куткаруучу тартылган.

Куткаруучулар жеткенде коктуда болжол менен 3000 м3 кар көчкүсү түшкөндүгү аныкталган.

Издөө иштерин жүргүзушуп саат 17:45те көчкүнун астынан 49 жаштагы Б. Р. эркек кишинин жансыз денеси табылган.

  • Каза болгон жарандын денеси райондук ички иштер кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.