Кар көчкү түшкөн аймак тазаланды

КАР КӨЧКҮ ТҮШКӨН АЙМАК ТАЗАЛАНДЫ
17-февралда 22:30да Бишкек-Ош унаа жолунун 231-чакырымында жалпы көлөмү 180000 м3 анын 14400 м3 кар көчкүсү унаа жолду жаап калган. Аталган кар көчкү 18-февралда саат 19:50дө толук тазаланды. Мындан улам Жайыл районунун “Сосновка” жана Токтогул районунун “Арал” постунда саат 20:00дөн тартып жеңил унааларга киргизилген чектөө алынды. Ал эми оор жүк ташуучу унааларга “Сосновка” постунда саат 6:00, “Арал” постунда саат 8:00 баштап толук алынды.
Кар көчкүгө байланыштуу “Арал” постунда 350 жеңил унаа жана 100 оор жүк ташуучу унаа, “Сосновка” постунда 94 оор жүк ташуучу унаа жана 82 жеңил унаа кезек күттү. ӨКМ жана жергиликтүү бийлик тарабынан уюштурулган жылынуучу жайларда “Арал” постунда 350, ал эми “Сосновка” постунда 306 адамга тамак-аш берилди.