Кара-Балта шаарындагы “Эркин” базарынан өрт чыккан
19-январь күнү саат 15:11 чамасында Жайыл районунун, Кара-Балта шаарынынын, Труд көчөсүндө жайгашкан “Эркин” базарынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине №22 ӨКБдан бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 15:32 өрт чектөөгө алынып толук саат 16:27 өчүрүлдү.
Өрттүн кесепетинен жалпы аянты 25 ч.м. болгон жашылча-жемиш саткан 2 контейнер толугу менен күйгөн.
Жабыркагандар жок.
Учурда өрттүн себеби такталууда.