Кара-Буура районунда өрт коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иш-чарасы өттү
КАРА-БУУРА РАЙОНУНДА ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШ-ЧАРАСЫ ӨТТҮ
Таластын Кара- Буура районунун аймагында кыш мезгилиндеги өрт кырсыктарынын алдын алуу максатында райондун аймагындагы турак жай, соода түйүн, базарларда, тамактануучу жайларда жана эл көп чогулган жайларда Кара- Буура райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы тарабынан калкка түшүндүрүү иш-чарасы өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө өрт кырсыгынын келип чыгышына алып келген себептер анын ичинде мешти, морду өз убагында тазалоо, балдардын шалаакылыгына жол бербөө, бузулган электр буюмдарын колдонуудан баш тартуу ж.б. бир катар коопсуздук эрежелери эскертилип, нускама баракчалары таратылды.



