Кара-Суу районунун базарында өрт тактикалык машыгуу өттү

Кара-Суу району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан “Туратали”  базарында өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү. Машыгуунун негизинде, Кара-Суу району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №25-ӨККБнөн тартылган бөлүм өрт кырсыгына ар түрдүү тоскоолдуктар жаралгандыктан өз убагында  жете албай калган. Кошумча тартылган 2-бөлүм өз убагында өрт-тактикалык машыгуу белгиленген жерге жетип барып өрт кырсыгын толугу менен жойду.

Жогорудагы өткөрүлгөн өрт-тактикалык машыгуунун жыйынтыгынын негизинде, МИ “Туратали” базарынын борбордук базарынын өрт өчүрүүчү авто унааларды суу менен камсыз кылуучу суу көлмөкчөсүн капиталдык ремонттон өткөрүү, өрт коопсуздугун эске албастан жана архитектуралык нормаларды сактабастан  орнотулган соода түйүндөрүн иретке келтирүү, талапка жооп бербей тартылган электр чубалгыларын калыбына келтирүү, базар аймагында өрт катталган учурда өрттү өчүрүүчү эн биринчи кезектеги шаймандарды камсыздоо (өрт өчүрүүчү балондор ОП-5 маркасында) контейнерлерде, базардын административдик имаратында жана ашканаларда мыйзамга ылайык орнотууну сунушталды.