Каракол-Эңилчек жолунда кар көчкү түштү
Бүгүн, болжол менен саат 06:10дор чамасында Каракол-Эңилчек унаа жолунун 42-чакырымында кар көчкү түшкөн.
Алдын ала маалымат боюнча, болжол менен түшкөн кар көчкүнүн туурасы 8 метр, бийиктиги 1,5-2 метр 3500-400м куб түзөт.
Азыркы убакта тазалоо иштери жүрүүдө, тартылган техника бир даана погрузчик.
Учурда унаа жол бир тараптуу ачык.
Жабыркагандар жок.