Каракол шаарында турак үйдүн чатыры күйдү

Каракол шаарынын Токтогул көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн чатыры күйүп жатат деген маалымат саат 12:00 келип түшкөн. Жерине Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 2 бөлүмчө татылып саат 12:21де чектөөгө алынды. Өрттү саат 12:56да толугу менен өчүрүлдү. Жалпысынан 50 чарчы метр үйдүн чатыры күйгөн. Эске сала кетсек үйдүн ичинде газ-балон болгон, жабыркагандар катталган эмес. Өрттүн келип чыгуу себеби газ балон менен колдонуучу каражаттарын өрт коопсуздугун эрежелерин сакталбагандыктан чыккан.