Караколдун шаардык пляжына чөгүп кеткен адамдын сөөгүн чыгарышты

Бүгүн, 2-сентябрда Каракол шаарына тиешелүү кол аймагында чет элдик жаран  чөгүп кетти. Мындай маалымат 112 кызматына саат 12:45те түшүп, куткаруучулар чөгүп кеткен адамдын сөөгүн 13:20да  алып чыгышкан.

Болжол менен 25-30 жаштагы Е.А. аттуу жигиттин сөөгүн алып чыгуу үчүн жерине Каракол шаардык №15 өрткө каршы бөлуктөн 4 куткаруучу тартылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.